Маданият
«Бейиш эненин таманында» тасмасы Россиянын ондогон шаарларында көрсөтүлөт

Маданият министрлиги билдиргендей, орус тилине дубляждалган көркөм тасма прокатка 11-апрелде чыкмакчы.
Фильмде акыл-эси жаш баланыкындай болуп калган жигит менен улгайган апасынын жылуу мамилеси, айылдагы жашоосу, алардын Меккеге сапары көрсөтүлөт. Режиссер Руслан Акун тасманы Кыргызстандан тышкары Өзбекстан, Казакстан, Түркия, Египет жана Меккеде тарткан. Фильм
Кино Казакстанда прокатка 21-мартта чыгып, рейтинги алдыңкы фильмдердин катарына кошулган. Өзбекстанда да 11-апрелде көрсөтүлөрү айтылды.



