Коом

«Бишкекасфальтсервис» ишканасы кызматкерлерди издейт

Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасы кызматкерлерди издейт.

Муниципалитеттен билдиришкендей, ишканага төмөнкү адистер талап кылынат:

Инженер-сметчик:

— 18 жашка толгон КР жараны;
— соттолгон эмес;
— кесиптик билими;
— мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматта иш тажрыйбасы же административдик кызмат орундарынын тобун жана категориясын эске алуу менен адистиги боюнча иш тажрыйбасы;
— КР жалпы мыйзамдарын, ошондой эле тиешелүү чөйрөдөгү мыйзамдарды билүү;
— кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон деңгээлде мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү;
— компьютер ж.б. техникаларды колдонуу, керектүү программарды билүү;
— тиешелүү чөйрө боюнча билимдүү жана көндүмдөр;
— кесиптик билими бар экендиги белгиленген формадагы документ.

1 КамАЗ айдоочусу:

— 18 жашка толгон КР жараны;
— В-С категориясындагы айдоочулук күбөлүк, тажрыйбасы 2 жылдан кем эмес;
— так жана жоопкерчиликтүү.

10 жол жумушчусу:

— 18 жашка толгон КР жараны;
— тажрыйбасы бар кесипкөй жумушчулар;
— жаман адаттары жок;
— ишке так жана жоопкерчиликүү;
— нормаларга жана талаптарга ылайык иштерди аткаруу.

«Иш издеген жарандын жанында резюмеси болушу шарт. Маектешүү иш күндөрү саат 9:00дөн 17:00гө чейин Хвойная көчөсү, 10 дарегинде өтөт. Кенериээк маалымат үчүн төмөнкү телефонго кайрылыңыз: 0312377717», — деп айтылат билдирүүдө.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button