Коом

Ички иштер министрлиги жарандарды басмырлоого жана улуттар аралык кастыкка жол бербөөгө чакырат

Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги жарандарды адамдардын ар-намысын кемсинткен билдирүүлөргө жана аракеттерге, ошондой эле улуттар аралык кастыкты, жек көрүүнү жана келишпестикти козуткан көрүнүштөргө, анын ичинде басмырлоочу жазууларды жана жарыяларды жайгаштырууга жол бербөөгө чакырат.

Ички иштер министрлиги ар бир жарандын укуктарын урматтоо, коомдук ынтымак жана бардык улут өкүлдөрүнүн өз ара сый-урматы өлкөдөгү туруктуулуктун негизи экенин эскертет.

Улуттар аралык ынтымакты, коомдук тартипти жана жарандардын укуктарын бузууга багытталган ар кандай аракеттер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке алып келет.

Тектеш кабарлар

Back to top button