Коом
Ысык-Көлгө барчуларга кулак кагыш. Айрым жолдор маалы менен жабылат

Ысык-Көл районунда 4-майда Run the Silk Road – Shanghai Cooperation аттуу эл аралык марафон өтүп, жол каттамга чектөөлөр киргизилет. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы кабарлады.
Ага ылайык, жөө күлүктөр Бактуу-Долоноту айылындагы ат майдандан тартып, Корумду айылынын күн чыгыш тарабындагы эс алуу жайынынын бурулушуна чейин чуркашат.
Бул учурда Чолпон-Ата шаары аркылуу өтүүчү Балыкчы — Ананьево — Каракол автоунаа жолу маал-маалы менен убактылуу жабылып турат. Ошол себептен автоунааларга Ысык-Көлдүн түндүк тарабы, тагыраагы, Жети-Өгүз жана Тоң райондору аркылуу жол жүрүү сунушталат.
ИИМ ыңгайсыздыкты туура түшүнүү менен кабыл алууну суранат.



