Коом
«Духуң жетпейби?!» Бишкек мэри орун басарын депутаттардын көзүнчө урушту

Жыргалбек Шамыралиев шаардык кеңештин депутаттарынын таштанды тарифин көтөрүү боюнча суроосуна жооп берип жаткан. Депутат андан шаар тургундары жакшыруу байкап жатабы деп сурады.
Вице-мэр өзгөрүүлөр жылдын аягына чейин болорун, план бар экенин айта баштаганда, мэр Эмилбек Абдыкадыров анын сөзүн бөлдү.
«Бардыгы өзгөрөрүн, шаар таза болуп каларын айтпайсыңбы. Духуң жетпей жатабы? Түз эле жооп бериш керек да, саясатчы болуп кеттиңер го. Жакында 74 атайын техника алабыз. Сен коркуп жатсаң, мен жооп берем. Кантип иштеп жатасыңар?!» — деди шаар жетекчиси.



