Жашооңуздагы өзгөрүүлөргө даяр болуңуз: 14-октябрга гороскоп

Кой. Алдыңызда жаңы горизонт ачылат. Бирок эсиңизде болсун: шашылуунун пайдасы аз. Ар бир чечимди жети өлчөп, анан гана кабыл алыңыз.
Букачар. Жөнөкөй нерселерден ырахат ала билиңиз. Өзүңүздү даамдуу тамак-аш же жакшы көргөн буюмуңузду сатып берип сыйлаңыз.
Эгиздер. Жаңы идеялар жана мүмкүнчүлүктөр эшигиңизди кагышат. Жашоодогу өзгөрүүлөргө даяр болуңуз.
Бөйөн. Үйдөгү тынчтык жана жакындар менен баарлашуу жандүйнөңүзгө жылуулук тартуулайт. Эски буюмдардан арылыңыз.
Арстан. Чыгармачылык күчөйт. Демилгелериңизди ичиңизге катпай ачыкка чыгарып, идеяларыңызды ишке ашырууга киришиңиз.
Бийкеч. Ички сезимиңизге ишениңиз. Интуицияңыз сизге сунушталып жаткан сунуштарды кабыл алуу керекпи же жокпу – айтып берет.
Тараза. Мамиледе гармония табуу – сиздин бүгүнкү башкы милдетиңиз.
Чаян. Өзүңүздү жана өзүңүздүн каалоолоруңузду түшүнүү үчүн терең ойлонушуңуз керек.
Жаачы. Жаңы таанышуу жана кызыктуу окуялар сизди күтүп турат. Жашоого ачык болуңуз.
Текечер. Пландоо – ийгиликке жетүүдө ачкыч болуп берет. Бир жумага план түзүп, баарын көзөмөлдө кармаңыз.
Суу пери. Досторуңуз сизди ар кандай иште колдойт. Алар менен чогуу убакыт өткөрүңүз.
Балык. Көптөн бери кийинкиге калтырып келген долбоорлорду колго алыңыз. Жаңы ишти баштоодон мурда эски иштерди аягына чыгарыңыз.



