Коом

УКМК: Нарын шаарындагы галереянын имараты мамлекетке кайтарылды

КР УКМК тергөө жана оперативдүү иш-чаралардын алкагында 2000-жылы Нарын шаардык китепканасынын 1350 м2 жер тилкеси бар имараты С.А.М. аттуу жарандын жеке менчигине мыйзамсыз өткөрүлүп берилгенин, кийин ал жерге көркөм сүрөт галереясынын имараты курулганын аныктаган. Бул тууралуу басма сөз кызматкери билдирди.

Мындан улам, тиешелүү иш-чаралардан кийин, С.А.М. аттуу жаран аталган объектини өз ыктыяры менен «Какен Мамбеталиев» атындагы Нарын облустук тарыхый-этнографиялык музейинин балансына өткөрүп берди.

Тектеш кабарлар

Back to top button