Туманбаев «KG ГРУПП» бала бакчага бөлүнгөн жерге көп кабаттуу үй куруп салганын айтты

«KG ГРУПП» баарын туура жасагандарын, бирок мамлекеттен атайын алардын объектилерин кабыл албай жатканын айтууда. Бирок ал жер башында бала бакча салууга бөлүнгөн жер болчу. Бул тууралуу президенттин иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев билдирди.
«Алар мыйзамды бузуп ал жерге көп кабаттуу үй салып салышкан. Башталышынан эле баары мыйзамдуу болсо, мындай кырдаал жаралбайт болчу. Мында жөнөкөй жарандардын күнөөсү жок. Президент эмне үчүн Мамлекеттик ипотекалык компанияны алдыга жылдырып атат деп ойлойсуздар? Биз буга чейин жөнөкөй жарандардын канын ичкендерди, башкача айтканда кооперативдерди жазалагыбыз келет. Бизге бул боюнча көп адамдар кайрылышкан, азыр байкап жатсаңыздар керек мындай учурлар азайып калды», — деген Туманбаев учурда курулуш компаниялары кайсы бир объектини курууда курулушка кетчү каражаттын 80 пайызы эсебинде болгондо гана курулушка уруксат берүү механизми киргизилип жатканын айтты.



