Коом
СИЗОго сырдуу таңгактарды ыргыткан жаран кармалды

СИЗО-50гө таңгактарды өткөрүү аракетинин алдын алынды. Бул тууралуу ЖАКтын Басма сөз кызматынан билдиришти.
11-майда саат 21:20 чамасында Чүй облусунун Төмөнкү Нооруз айылында жайгашкан Жаза аткаруу кызматынын №50 мекемесинин кызматкерлери мыйзамсыз иш аракеттердин алдын алышкан.
Жүргүзүлгөн профилактикалык иш-чараларынын натыйжасында мекеменин батыш тарабынан аймакка скотч жана зым менен оролгон таңгакты ыргытууну көздөгөн жаран кармалган. Андан салмагы 127 граммды түзгөн кочкул жашыл түстөгү өзгөчө жыты бар зат табылган.
Бул факты Ысык-Ата РИИБге катталган. Кармалган жаран жана чогултулган материалдар кошумча иликтөө үчүн аймактык милиция бөлүмүнө өткөрүлүп берилген.






