Коом

Кыргызстанда банктарга криптовалютаны сатып алууга жана сатууга уруксат берүү каралууда

Кыргызстанда банктар менен каржы уюмдарынын виртуалдык активдер менен иштөө мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү сунушталууда. Тиешелүү мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылды.

Документте «Виртуалдык активдер жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү каралган. Эгер мыйзам кабыл алынса, банктарга, банктык эмес каржы-насыя уюмдарына жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы көзөмөлдөгөн башка юридикалык жактарга криптовалюталарды сатып алуу, сатуу жана алмаштыруу кызматтарын расмий көрсөтүүгө уруксат берилет.

Учурда мындай уюмдарга виртуалдык активдерди которуу, сактоо жана башкаруу, ошондой эле аларды жайгаштырууга байланыштуу каржылык кызматтарды көрсөтүүгө гана уруксат берилген. Ал эми криптовалюталарды сатып алуу жана алмаштыруу операциялары азырынча тыюу салынган.

Негиздеме-маалымкатта белгиленгендей, бийлик мындай кызматтарды мыйзамдаштыруу аркылуу:
виртуалдык активдердин жүгүртүүсүн көбөйтүүнү;
операциялардын ачыктыгын жогорулатууну;
криптоактивдерди салттуу каржы системасына интеграциялоону;
салык түшүүлөрүн көбөйтүүнү;
чет элдик инвестицияларды тартууну;
финтех тармагында жаңы жумуш орундарын түзүүнү көздөйт.

Мындан тышкары, документте акыркы жылдары жарандар менен бизнестин криптовалюталарга болгон кызыгуусу кыйла өскөнү айтылат.

Долбоордун авторлорунун пикиринде, банк кызматтарын кеңейтүү Кыргызстандагы виртуалдык активдер рыногун мыйзамдаштырууга жана тартипке келтирүүгө жардам берет.

Тектеш кабарлар

Back to top button