Окуялар
УКМК «24.kg» маалымат агенттигинин кеңсесинде тинтүү иштери жүргүзгөн себебин түшүндүрдү

Бул тууралуу УКМКнын Басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматта айтылгандай, 2024-жылдын 15-январында КР Кылмыш-жаза кодексинин 407-беренеси (“Согушту пропагандалоо”) боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында ыкчам-иликтөө иш-чаралары көрүлүп, “24.kg” маалымат агенттигинин кеңсесинде тинтүү иштери жүргүзүлдү.
Тинтүү учурунда компьютерлер, ноутбуктар, электрондук алып жүрүүчүлөр, ошондой эле кылмыш ишине тиешеси бар башка буюм далилдери алынды.
Учурда ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.



