Коом

2025–2026-окуу жылында мугалимдердин айлыгы жогорулайт

2025–2026-окуу жылында Кыргызстандагы мугалимдердин айлыгы жогорулайт. Агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева бул тууралуу билдирип, президент Садыр Жапаровго жана министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевге агартуучулардын атынан ыраазычылык билдирди.

Министрдин айтымында, мугалимдердин айлыгы окуучулардын жетишкендиктерине жараша болору пландалууда. Бул үчүн «Мугалим» автоматташтырылган маалымат системасы аркылуу маалыматтар топтолуп, мугалимдердин эмгеги бааланат. Ошондой эле, мектептердин техникалык жана тейлөөчү кызматкерлеринин айлык акысы жаңы окуу жылында көтөрүлүшү күтүлүүдө. Министр ошондой эле педагогдорду отчеттуулуктун ашыкча түйшүгүнөн бошотуу саясатын ишке ашырып жатканын белгиледи. 45 отчеттун 30у алынып, мугалимдердин ишин жеңилдетүү максатында «Мугалим» платформасы түзүлгөн.

Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, 2025-жылдын башында билим берүү кызматкерлеринин орточо эмгек акысы 25 764 сомду түзгөн.

Ошондой эле, министр педагогикалык жамаатты отчеттуулуктун ашыкча түйшүгүнөн бошотуу саясатын ишке ашырып жатканын кошумчалады. 45 отчеттун 30у алынып, мугалимдердин ишин жеңилдетүү максатында «Мугалим» платформасы түзүлгөн.

Бул реформалар мугалимдердин эмгегин баалап, билим берүү сапатын жогорулатууга багытталган.

Тектеш кабарлар

Back to top button