Коом

2024-жылдын 4 айында Баткен облусуна 162,7 млн сом каржыланды

Бул тууралуу Финансы министрлигинин Басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, Баткен облусу боюнча 2024-жылдын 4 айынын ичинде республикалык бюджеттин эсебинен жалпысынан бюджеттер аралык трансферттер – 155,8  млн сом өлчөмүндө каржыланган.

анын ичинен:

1.         Теңдөөчү трансферт – 112,9 млн сом;

2.         Айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүгө – 7,0 млн сом;

3.         Электрэнергия болгон 50% компенсациясына – 35,9 млн сом;

Мындан тышкары, Баткен облусунун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын (айыл өкмөттөр) электр энергиясына кеткен чыгымдарды  каржылоого республикалык бюджеттен  — 5,9 млн сом бөлүнүп берилди.

Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 5-февралындагы №34-р Тескемесине ылайык 1,0 млн сом, каржыланды.   

Жалпы – 162,7 млн сом

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button