Коом

Лейлек районунун Сумбула айыл аймагындагы Көк-Таш айылында милициянын участкалык пункттары курулууда

Лейлек районунун Сумбула айыл аймагындагы тоолуу айыл чек арадагы Көк-Таш айылында милициянын участкалык пункттарынын курулушу башталып, пайдубалына капсула салынды.

Бул иш-чарага Лейлек райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – акими Осмонбеков Канимет Бийзакович, Лейлек РИИБдин башчысы милициянын майору Козубаев Кожобек Ганиевич жана Сумбула айыл аймагындагы айылдарынын кадырман аксакалдары, жашоочулары жана жергиликтүү айыл өкмөт башчысы менен кошо айыл тургундар катышты.
Бул аймактык пункттар заманбап типте курулуп, бир тарабында милициянын уполномоченныйынын иш бөлмөсү, жарандарды кабыл алуу бөлмөсү болсо, ал эми экинчи тарабында үй-бүлөсү менен жашаганга толук шарты менен курулат.

Жарандарды кабыл алуу, коомдук коопсуздукту камсыздоо жана жарандардын укуктарын коргоо боюнча заманбап жардамдарды көрсөтүү үчүн имаратта бардык шарттар түзүлүп, Кыргыз милициясынын 100 жылдык майрамына тактап айтканда, 2024-жылдын 1-ноябрына курулушу бүтүп ишке берилүүсү пландалыууда.

Кыргыз Республикасынын ИИМ министри милициянын генерал-лейтенанты Улан Ниязбековдун демилгеси менен бул курулуштар башталып, курулушту Кыргыз Республикасынын ИИМне караштуу Курулуш монтаждоо башкармалыгы колго алган.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button