Дүйнө

Перуда миң жыл мурунку чачы узун мумия табылды. Жанында кумура жана жеке буюмдары болгон

Перулук археологдор Лима районунун түштүгүндөгү байлар жашаган Мирафлорес конушунунан миң жылдык адамдын мумиясын табышкан. Бул тууралуу чет элдик ЖМКлар жазышууда.

Археолог Ганозанын айтымында, буттары бүгүлгөн абалда отурган кишинин мумиясынын чачы узун, жаагы дээрлик толугу менен сакталган. Сөөктөр ошол аймактагы Хуак Пукланынын аймагында табылган. Казуу иштери учурунда археологдор керамикалык идиштерди, кездемелерди жана башка буюмдарды табышкан.

Маалыматка ылайык, мумияга айланган адам болжол менен миң жыл мурун азыркы Перунун борбордук бөлүгүндөгү Ичсма маданиятынын гүлдөп турган мезгилинде жашаган.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button