Эмгек министри Жылдыз Полотова: Жөлөкпул системасы барган сайын жакшыртылууда

Эмгек, социалдык өнүктүрүү жана миграция министри Жылдыз Полотова өлкөдө жөлөкпул берүү системасы барган сайын жакшыртылып баратканын айтты.
«Мурда жөлөкпул берүүдө кирешени эсетегенде пенсия дагы эсептелчү. Азыр ал эсептелбейт. Акыокы жылдарда мамлекет социалдык коргоо системасына олуттуу көңүл бурууда. Бул бир гана элди эмес, биздин министрликтин дагы кызматкерлерин кубандырууда. Анткени, бизге көп жарандар кайрылышат, алардын маселесин чече албай калсаң, бул жакта туруп өзүң да кейийсиң.
Ачыгын айтыш керек, мурда деле жөлөкпул көбөйүп келген, бирок азыркыдай бир жолкусунда эле байкалаарлык суммага көбөйгөн эмес. Мисалы, азыр ай сайын алынуучу социалдык жөлөкпулдун бир нече категориясы бар: бала кезинен майыптыгы барлар, майыптыгы бар балдары барлар, кароосунда жетим балдар барлар ж.б. Майыптыгы бар балдар үчүн мурда жөлөкпул 4 миң сом болсо, азыр 8 миң сом болду. Бала кезинен майыптыгы барлар мурда 4 миң алышса, азыр алар да 8 миң алышат. Тоголок жетим балдар мурда 2 миң алышса, азыр 8 миң алышат. Үй-бүлөгө көмөк жөлөкпул дагы 50 пайызга көтөрүлдү», — деди Полотова.



