Коом
Жаныбек Жороев акыйкатчынын орун басары болуп шайланды

Анын талапкерлиги Жогорку Кеңеш тарабынан жактырылды.
Жороев 2000-2013-жылдары УКМКда ар кандай кызматтарды аркалаган. 2021-жылы атайын кызматтын төрагасынын орун басары, 2020-жылы ЖК депутаты болуп иштеген. 2013-2015-жылдары Салык кызматында, 2016-2019-жылдары Айыл чарба министрлигинде жетекчилик кызматтарда эмгектенген.



