Коом

Кадамжайда милиция кызматкерлери Афганистандагы согуштун ардагерлерине жагымдуу маанай тартуулашты

Кадамжай районунун аймагында милиция кызматкерлери 15-февраль-советтик аскерлердин Афганистандан чыгарылгандыгынын 34 жылдыгына жана 23-февраль-Ата Мекенди коргоочулар күнүнө утурлай окуучулардын арасында патриоттук сезимдерди ойгото турган иш-чараларды уюштурушту. Мындан сырткары, район аймагында өткөн Афганистандагы согуштун ардагерлерине арналган майрамдык иш-чараларда милиция кызматкерлери коомдук тартипти камсыздашты. Ардагерлерге жагымдуу маанай тартуулоо максатында тартип сакчылары аларды милициянын көчмө кабылдамасында шаарды айландырууга алып чыгышты. Афганистандагы согуштун ардагерлери милиция кызматкерлеринин көрсөткөн сый-урматына ыраазы болушуп, жагымдуу маанай тартуулашканы үчүн ыраазычылыктарын билдиришти.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button