Коом
Кыргызстанда 20-октябрдан тарта автомектептерге лицензия берүү мораториясы башталды

Министрлер кабинетинде айдоочуларды даярдоо жана кайра даярдоо кызматтарын лицензиялоого мораторий киргизди.
Бул чечимге Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.
Басма сөз кызматкери билдиргендей, бул иш-чара келечектеги айдоочуларды окутуунун сапатын жогорулатуу максатында кабыл алынган.
Мораторий 2025-жылдын 20-октябрынан тарта күчүнө кирет жана 2027-жылдын 31- декабрына чейин уланат. Чектөө мамлекеттик автомектептерге тиешелүү эмес.



