Коом

«Тамак жегенге, шатыратып баштык оодарганга болбойт». Кыргыз драма театры спектакль көрүү маданияты тууралуу эскертти

Кыргыз драма театры театрга баруу, спектакль көрүү маданияты тууралуу эскертти.

1f53a.png

Театрга 12 жашка чейинки балдарды алып келүүгө болбойт!

1f53a.png

Эгер келип алсаңыз, балаңыз спектакль маалында ыйласа дароо залдан чыгып кетүү зарыл. Себеби, театр кино эмес, театр жандуу организм, артисттер жандуу ойноп жаткан учурда балдардын ыйлаганы өтө тоскоолдук жаратат!

1f53a.png

Спектакль маалында тамак жегенге, шатыратып баштык оодарганга болбойт!

1f53a.png

Спектаклге кирип жатканда уюлдук телефондун үнүн өчүрүп коюңуздар.

1f53a.png

Спектакль маалында эч качан телефон менен сүйлөшүүгө болбойт!

1f53a.png

Эгер кечигип келсеңиз билетте жазылган орундукту издеп бүт залды кыдырбай четтеги бош орунга отура бериңиздер.

1f53a.png

Негизи спектаклге кечигип киргенге болбойт!

1f53a.png

Театрга, деги эле коомдук жайга ашыкча жыпар жыттанган атыр себинип келүүгө болбойт, бул отургандарга ыңгайсыздык жаратышы толук ыктымал.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button