Коом

Чүмкөнүп алып, көзү эле көрүнөт. Депутат паранжага тыюу салууну сунуштады

Жогорку Кеңештин депутаты Шарапаткан Мажитова кара кийип, «чүмкөнүп» алган аялдарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү суранды.

Ал жакында социалдык колдоо боюнча 100 миң сомдук сертификатты тапшыруу үчүн Ош шаарына барып, таң калычтуу окуяга туш болгонун айтты.

«Сертификат алганы келген көпчүлүк аялдар паранжачан, көзүн гана көрсөтүп кара кийип келишиптир. Ош шаарында көп экен, бирок Алайда андай жок. Чүмкөнбөсүн. Жоолук салына берсин, бирок эмне үчүн чүмкөнүп алышат, көзү гана көрүнүп турат. Ошол жагынан муфтиятка тапшырма берип койсоңуз», — деп кайрылды депутат президенттин парламенттеги өкүлү Алмасбек Абытовго.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button