Коом

Шашылыш билдирүү! Аба-ырайы кескин өзгөрүп, жаан карга айланат

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы 17-сентябрдан 21-сентябрга чейин өлкөдө жаан жаап, тоолуу райондордо жаан карга айланышы мүмкүн экенин айтып, шашылыш билдирүү таратты.

Ага ылайык, Кыргызстандын айрым аймактарында үч күн жаан катуу жаап, бийик тоолуу жерлерде кар түшүүсү күтүлүүдө. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши ыктымал.

Абанын температурасы кескин төмөндөп, 18-19-сентябрда Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 4…9, күндүз 14…19 градус болот. Таласта абанын температурасы түнкүсүн 2…7, күндүз 11…16 градус деп божомолдонду. Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн 9…14, күндүз 18…23 градус, Ысык-Көл менен Нарында түнкүсүн 3…8, күндүз 12…17 градус болушу ыктымал.

Ал эми 20-21-сентябрда түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында, Чүй облусунун тоо этектериндеги кээ бир райондордо температура 0…-2 градуска чейин төмөндөп, үшүк жүрөрү айтылды

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Кийинкини кара
Close
Back to top button