Кахраманмараштагы кыргыз боз үйлөрүндө окуучулар билим алууда

Түркиянын Кахраманмараш шаарына тигилген боз үйлөрдө окуучулар билим алышууда. Бул тууралуу Түрксой эл аралык уюмунун башкы катчысы Султан Раев социалдык тармактагы баракчасына жазды.
Анын айтымында, Түркиянын энергетика жана табигий ресурстары министри Фатих Дөнмез, губернатор Хайдар Мете менен бирге андагы эл менен жолугушкан.
«Кыргызстандын атынан тигилген боз үйлөр шаарчасына келгенде эң оболу көзүбүзгө илинип турган эки желек урунду. Кыргыз желеги чоң, түрк желеги биздикинен бир кыйла эле кичи экен. Түрк туугандарыбыздан бул тууралуу сураганыбызда “кыргыз желегинин чоңдугу биздин кыргыз элине, өлкөсүнө болгон сыйыбыз, урматыбыз! Эң оор күндөрү кыргыз боорлорубуз биринчилерден болуп келди… Сиздерге ыраазыбыз! ” деп жооп беришти.
«Учурда боз үйлөрдө жапа чеккен адамдар жашап, окуучулар сабак окуп жатат. Мындан тышкары, боз үйлөрдө медпункт, психологиялык жардам, тамак ичүүчү жай бар. Түрк туугандарыбыз “Эң ыңгайлуу боз үйлөр экен” деп бир ооздон айтып жатышты. Эл менен жолугуп сүйлөштүк, ал-акыбалын сурадык. Жардам бердик. Эң эле кызыгы Кахраманмарашта да өз колубуз менен аш жасап бердик. Жапа чеккен боордошторубуздун ыраазылык сөзүн уктук. Азап тартып, кыйналып турган адамдардын ыраазылыгы башкача болот», — деп жазды Раев.



