Ички иштер министрлиги жана Корея Республикасынын Элчилиги өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюшту

2023-жылдын 28-ноябрь күнү Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин биринчи орун басары милициянын генерал-майору Адылбек Бийбосунов жана Корея Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Ли Вонджэ мырза Кыргыз Республикасынын министрлиги менен Корея Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин ортосунда министрликке жалпы суммасы 170 000 АКШ долларын түзгөн электромобилдерди акысыз берүү жөнүндө өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандумга кол коюшту.

Жолугушууга Кыргыз Республикасындагы КОЙКАнын Өкүлчүлүгүнүн башчысы Ли Жонсу, Вице-консул Бан Ки Дон жана Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын, Кыргыз Республикасынын ИИМдин Финансы-чарбалык камсыздоо башкы башкармалыгынын жана Эл аралык кызматташтык башкармалыгынын жетекчилери катышышты.
Адылбек Бийбосунов министрлик коопсуздук жаатында эл аралык өнөктөштөр менен кызматташууну активдүү өнүктүрүп, бекемдеп жатканын белгиледи. Үстүбүздөгү жылдын октябрь айында Кыргыз Республикасынын ИИМ менен Корея Республикасынын Улуттук полиция агенттигинин ортосунда өз ара түшүнүшүү жана өз ара аракеттенүү жөнүндө Меморандумга кол коюлган. Буга Корея Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Элчилиги түздөн-түз жана маанилүү көмөк көрсөткөндүгүн белгиледи.

Сөзүнүн аягында министрдин биринчи орун басары Корея Республикасынын Элчилигине Кыргызстандын ички иштер органдарынын материалдык-техникалык базасын чыңдоого жана коомдук коопсуздукту камсыздоого кошкон олуттуу салымы үчүн ыраазычылык билдирди.
Өз кезегинде Ли Вонджэ мырза Кыргыз Республикасынын ИИМ менен өз ара кызматташтыкты мындан ары да кеңейтүүгө даярдыгын билдирди.



