Коом

Жапаров: Биз кыргыз-өзбек чек арасын делимитациялоо процессин аяктап жатабыз. Бул тарыхый окуя

«Бүгүнкү күндө биз кыргыз-өзбек чек арасын делимитациялоо процессин аяктап жатабыз. Бул чындыгында эле тарыхый окуя», — деп билдирди президент Садыр Жапаров Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен болгон жолугушууда.

«Биз чек ара маселелери боюнча диалогго жана өз ара алгылыктуу чечимдерди издөөгө даяр экенибизди көрсөттүк. Чек ара маселесине чек коюу менен, биз келечек муундун ишенимдүү өнүгүүсүнө жана гүлдөп-өсүшүнө бекем негиз түзөбүз деп ишенем», — деди Жапаров.

Белгилей кетсек, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев учурда мамлекеттик сапар менен Кыргызстанда жүрөт.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button