Дүйнө

Бүгүн Париж Олимпиадасынын расмий ачылышы болот

Бүгүн Франциянын Париж шаарында XXXIII жайкы Олимпиада оюндарынын расмий ачылышы болот.

Салтанаттуу азем Бишкек убактысы менен саат 23:30да башталат. Уюштуруучулар бул жолу ачылыш адаттагыдай стадиондо эмес, Сена дарыясында болорун маалымдашкан. Тактап айтканда, 10 500 атлет 180 кайык менен суу аркылуу сүзүп өтөрү белгиленген.

Кыргызстандан оюндарга 16 спортчу катышат. Алгачкылардан болуп сууда сүзүүчү Денис Петрашов Бишкек убактысы менен саат 15:00дө жарышка чыгат.

Оюндун ачылыш аземине Эммануэль Макрондун чакыруусу менен Францияга барган президент Садыр Жапаровдун катышуусу күтүлүүдө.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button