Окуялар

Ысык — Көлдө дарыяга агып кеткен унаадан эки турист куткарылды

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда куткаруучулар Каракол дарыясына агып кеткен унаадан эки адамды куткарып чыгышты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин облустук башкармалыгы билдирди.

Окуя 5-августта «Каракол» мамлекеттик жаратылыш паркында болгон. Туристтерди ташып бара жаткан «Экстрим тур» туристтик компаниясына таандык эки «Урал» үлгүсүндөгү унаа дарыядан өтүүгө аракет кылып, катуу агымга кабылган. Натыйжада унаалар агып кетип, таштардын арасына тыгылып калган.

Окуя болгон жерге Каракол шаарындагы өрт-куткаруу бөлүмүнүн үч куткаруучусу жөнөтүлгөн. Алар экскаватордун жардамы менен 1964-жылы туулган эркек кишини жана 1985-жылы туулган аялды коопсуз жерге эвакуациялашкан.

Куткарылган жарандардын абалы туруктуу экени маалымдалды. Ал эми туристтик компания унааларды атайын техниканын жардамы менен өз күчү менен чыгарарын билдирди.

Тектеш кабарлар

Back to top button