УКМК: Кадамжайда айдоочулардан системалуу түрдө акча алган укук коргоо кызматкерлери кармалды

Учурда УКМК тарабынан Кадамжай райондук ички иштер бөлүмүнүн айрым кызматкерлерине, көзөмөлдөөчү органдарга жана жарандарга карата КР Кылмыш-жаза кодексинин 338-беренеси (Коррупция) боюнча кылмыш иши козголуп, фактылар боюнча тергөө амалдары жүрүп жатат.
Тактап айтканда, иликтөө иштеринин жүрүшүндө Баткен облусунун Кадамжай районунун аймагына мыйзамсыз товарларды алып өтүүгө ыңгайлуу шарттарды түзүп, жүк ташуучу унаалардын айдоочуларынан системалуу түрдө акча талап кылган укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин жана жарандардын катыштыгы бар экендиги аныкталган.
Козголгон кылмыш ишинин алкагында бул фактылар боюнча Кадамжай РИИБнин 3 кызматкери жана 1 жаран УККга киргизилди.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети коррупциялык схемага тиешеси бар бардык адамдарды аныктоого багытталган тергөө-иликтөө иш-чараларын улантууда.



