Коом
Ошто кызга уят сөз айтып видео тарткан блогер Саяныч милицияда сурак берүүдө

Социалдык тармакта блогерлик менен алектенген 23 жаштагы Кочкор-Атанын тургуну Саяныч аттуу жигит Ош шаарынын Ички иштер башкармалыгына жеткирилди. Бул тууралуу милиция билдирип, анын элден кечирим сураган видеосун жарыялады.
Ага карата чара көрүү өтүнүчү менен эки арыз түшкөн. Өзгөн районунун бир тургуну жана блогер Азамат Ормокеев Саяныч жарыялаган видеого даттанышкан.



