Коом

Караколдо белгисиз жарандар келинди баласы менен уурдап кетишкен

Алар милиция тарабынан кармалды.
6-февраль күнү Каракол ШИИБне телефон аркылуу жергиликтүү тургун кайрылып, анын сиӊдисин 19 жаштагы А.Р.ди бир жашты баласы менен автоунаага күч колдонуп олтургузуп, белгисиз тарапка кетип калышканын билдирген.
Аталган маалымат Каракол ШИИБдин маалыматтарды каттоо электрондук журналына катталып, кылмыштын изин суутпай ачуу үчүн «Колго түшүрүү» операциясы киргизилген.
Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын командалык борборунун операторлору тарабынан автоунаа жана анын ээси, ошондой эле келинди баласы менен уурдап кеткен жер тез аранын ичинде аныкталган.
Жалал-Абад облусунун 55 жаштагы тургуну К.Ж.га тиешелүү болгон «ВАЗ-21074» үлгүсүндөгү аныкталган автоунаа жөнүндөгү маалымат милициянын бардык постторуна кабарланып, аларды кармоо боюнча тийиштүү тапшырмалар берилди.
Тоӊ РИИБ боюнча жол коопсуздугун көзөмөлдөө кызматынын бөлүмчөсүнүн инспекторлору маалыматта көрсөтүлгөн автоунааны «Аалам Ордо» участкасынан токтотушуп, айдоочуну жана жүргүнчүлөрүн Каракол ШИИБдин тергөө кызматына автоунаа менен бирге өткөрүп беришкен.
Жабырлануучу 19 жаштагы келинди алдын ала сураганда, анын мурдагы күйөөсү, 27 жаштагы Жалал-Абад облусунун тургуну К.Э. жана автоунаанын айдоочусу 55 жаштагы кайнатасы К.Ж., аны мурдагы күйөөсү жашаган жерге баласы менен алып кетүүгө аракет кылгандыгы аныкталган.
Учурда Каракол ШИИБдин тергөө кызматы бул факт боюнча иштин бардык жагдайларын иликтеп жатат. Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча юридикалык баа берилет.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button