Коом

Ноябрда Улуттук банктын резерви 3 миллиард доллардан ашты

Ушул жылдын ноябрь айында Улуттук банктын эл аралык валюталык (алтын-валюта) резерви 227,8 миллион долларга өстү.

Улуттук банктын резервдери:

октябрдын этегине карата — 2 миллиард 834 миллион 180 миң доллар;

ноябрдын аягына карата — 3 миллиард 62 миллион доллар.

Өткөн айда Улуттук банк доллар саткан эмес.

Азыркы көрсөткүч тарыхта төртүнчү болуп саналат. Эң жогоркусу 2021-жылдын сентябрында катталып, анда 3,2 миллиард доллардан ашкан.

Улуттук банк интервенцияларды валютанын өзгөрүүсүн текшилөө жана сомдун курсун кармап туруу үчүн жүргүзөт. Бул үчүн алтын-валюта резерви колдонулат. Резервдер ондон ашык валютадан, SDR (атайын карыз алуу укугу — Эл аралык валюта фондунун жасалма резерви) жана алтындан турат.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button