Коом

Баткен облусунун аймагында бангизатын колдонууга шектелип эки жаран аныкталып кармалды

Баткен ОИИБдин Бангизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын ыкчам кызматкерлери “бангизатын колдонуп жүрөт” делген ыкчам маалыматтын негизинде облус аймагында ыкчам иликтөө иштерин жүргүзгөндө, облус аймагындагы ооруканалардын биринде тез жардам унаасын айдаган айдоочу жана ошол айдоочу менен чогуу иштеген фельдшер аялдын күйөөсү аныкталды.

Ыкчам иликтөө иш-чарасынын жүрүшүндө облустун тургуну 43 жаштагы М.Ж. өзү жашаган үйүнө притон уюштуруп, бангизатын колдонуп жаткандыгы боюнча ыкчам маалыматтын негизинде, тинтүү жүргүзүлүп, анын жашаган турак үйүнөн 5гр.04млгр. кара-күрөң түстөгү өзгөчө жыты бар зат табылып, колдонгон шаймандары менен кошо алынган. 

Мындан сырткары М.Ж.нын кылмыштуу шериги 50 жаштагы А.Анын жашаган турак үйүнө тинтүү жүргүзгөндө анын үйүнөн дагы 4гр.41млгр. кара-күрөң түстөгү өзгөчө жыты бар зат табылып, колдонгон шаймандары менен кошо акт түзүп алынган.

Бул факты Баткен ОИИБдин КБРне Кыргыз Республикасынын кылмыш жаза кодексинин 282-беренесинин (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо), 283-беренесинин (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатысыз мыйзамсыз даярдоо) негизинде кылмыш иши козголуп, алынган заттарга тиешелүү экспертизалар дайындалган.

Экспертизанын корутундусуна ылайык, алынган заттар наркотиканын “гашиш” түрү экендиги аныкталып, кармалган жарандар убактылуу кармоо жайына киргизилген. 

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Баткен ОИИБдин Басма сөз кызматы

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button