Коом

Бишкектин тургунунун унаасынан “марихуана” баңгизаты табылды

КР ИИМдин БМЖКККнын кызматкерлери ыкчам маалыматты текшерүү учурунда Бишкек-Торугарт жолунун 23 – чакырымындагы “Тайота Авенсистин” унаасын токтотушуп, текшергенде унаанын багажнигинен көлөмү 5 литрлик пластик бөтөлкөнүн ичинде өзгөчө жыты бар эзилген зат жана целлофан баштык табылып, алынган.


Алынган заттын жалпы салмагы 3 кг болгон 85 грамм кургатылган марихуана болуп аныкталган.

Аталган факт боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинде каралган кылмыштын белгилери менен кылмыш иши козголуп, кармалган айдоочу 39 жаштагы С.Р. андан ары иликтөө үчүн Октябрь райондук Ички иштер башкармалыгынын Тергөө кызматына жеткирилген.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button