УКМК улуттар аралык кастыкты козутууга аракет кылган жаран менен сүйлөшүү жүргүздү

УКМК социалдык тармактарда улуттар аралык кастыкты козутууга багытталган публикацияларды жарыялаган 1989-жылы туулган З.Д.А. аттуу жаран менен түшүндүрүү жана алдын алуу максатында сүйлөшүү жүргүздү. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти.
Маалыматта айтылгандай, кармалган адам аталган аракеттерди мас абалында жасаганын жана келечекте мындай жагымсыз кесепеттерге алып келүүчү аракеттерди жасабай турганын билдирген.
«Учурда КР УКМКнын тергөө органдары тарабынан З.Д.A.нын чыгарган публикацияларына карата тиешелүү экспертизалар дайындалды, алардын жыйынтыгы боюнча КР мыйзамдарынын алкагында кошумча чаралар көрүлөт», — деп айтылат билдирүүдө.
Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети улуттар аралык, аймактар аралык жана расалар аралык кастыкты козутуу, анын ичинде социалдык медиа аркылуу жасалган аракеттер да кылмыш жоопкерчилигине тартылаарын эскертет.



