Саясат

Кыргызстан менен Сент-Люсиянын ТИМ башчылары кызматташууну талкуулашты

Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Сент-Люсия Республикасынын тышкы иштер министри Альва Романус Баптист менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү.

Ведомстводон маалымдашкандай, жолугушуу БУУнун Башкы Ассамблеясынын 80-сессиясынын алкагында Нью-Йорк шаарында өттү.

Анда тараптар өз ара кызыгууну жараткан кызматташтыктын келечектүү тармактарын талкуулашты.

Министр Кулубаев сент-люсиялык кесиптешин расмий сапар менен Кыргызстанга келип кетүүгө чакырды.

Тараптар көп багыттуу форматта, айрыкча эл аралык уюмдардын алкагында кандидатураларды өз ара колдоо маселелери боюнча кызматташууну улантууга кызыкдар экенин билдиришти.

Тектеш кабарлар

Back to top button