Коом
Өлкөдө банктардын активи 1 трлн 125,8 млрд сомду түздү

Улуттук банктын маалыматы боюнча, жыл башынан бери банк секторунун жалпы активдери 38%га көбөйүп, 2025-жылдын 30-сентябрына карата 1 трлн 125,8 млрд сомду түздү. 2024-жылдын аягында алар 815,6 млрд сомду түзгөн.
Банктардын кредиттик портфели 35,2%га өсүп, 460,6 млрд сомду түздү. Ислам принциптери боюнча каржылоонун көлөмү 82,4%га көбөйүп, 16,5 млрд сомду түздү. Депозиттердин көлөмү 35,7%га өсүп, 804,1 млрд сомду түздү.
2025-жылдын 30-сентябрына карата Кыргызстандын аймагында 21 коммерциялык банк жана коммерциялык банктардын 305 филиалы иштеген.



