Бишкекте мэрия «Жолдон ала кет» акциясын демилгеледи

Бишкек мэриясы «Жолдон ала кет» акциясын баштоону демилгеледи. Бул тууралуу муниципалитеттин маалымат кызматынан билдиришти.
«Айдоочулар аялдамаларда коомдук транспортту күтүп турган шаардыктарды жана шаар конокторун ала кетсин деп жатабыз. Кандай гана кырдаал жаралбасын шаар тургундары бири-бирин колдой турганын, ынтымагыбыз бекем экенин көрсөтүшүбүз керек», — дешти мэриядан.
Жүргүнчү ташыган микроавтобустар бүгүн жумушка чыккан жок. Эскерте кетсек, ушул жылдын 18-январь күнү 400 маршрутканын айдоочусу тариф саясатын кайра карап чыгуу талабы менен иш ташташкан. Андан кийин үч вариант иштелип чыгып, мэрия апрелдин соңунда шаардыктардын кароосуна сунуштаган.
1-июнь күнү муницпалитет жол кирени көбөйтүү шаардык кеңештин депутаттары чогулгандан кийин гана карала турганын билдирген болчу. Депутаттар 11-июлда кайра шайланмай болгондуктан азырынча борбор калаада эл өкүлдөрү жок.
Ошол эле күнү социалдык тармактарда маршрутка айдоочулары кайрадан иш тештай тургандыгы тууралуу маалыматтар тараган.
Бүгүн Бишкекте эртең менентен баштап жолдогу машиналардын көптүгүнөн тыгын жаралууда.
Автобустар менен троллейбустарда киши көп. Такси кызматтары менен байланышуу мүмкүн болбой жатканын айтып тургундар нааразы болуп жатышат.



