Маматканов: Илим экономикалык өнүгүүнүн жана улуттук коопсуздуктун негизи

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Улан Маматканов Улуттук илимдер академиясында өткөн Илим күнүнө арналган салтанаттуу иш-чарага катышты.
Иш-чарага академиктер, илимий институттардын директорлору жана илимий коомчулуктун өкүлдөрү катышты.

Иш-чарада сөз сүйлөп жатып Улан Маматканов бүгүнкү күндө мамлекеттердин атаандаштыкка жөндөмдүүлүгү билим, технологиялар жана интеллектуалдык мүмкүнчүлүктөр менен аныкталарын белгиледи. Ошондуктан илим экономикалык өнүгүүнүн, технологиялык жаңылануунун жана улуттук коопсуздуктун стратегиялык негизи катары каралат.

«Мамлекет илимден өлкөнүн өнүгүү багыттарын илимий жактан негиздөөнү, мүмкүн болгон тобокелдиктерди алдын ала аныктоону жана мамлекеттик чечимдерди кабыл алуу үчүн практикалык сунуштарды иштеп чыгууну күтөт. Мөңгүлөрдү жана суу ресурстарын сактоо, Ысык-Көлдүн экосистемасын коргоо, энергетика, айыл чарба, өнөр жай, саламаттык сактоо, ошондой эле санариптик технологиялар, жасалма интеллект жана биотехнологиялар сыяктуу багыттар өзгөчө көңүл бурууну талап кылат», — деп айтты ал.



