Камчыбек Ташиев Ошто пара менен кармалган УКМКнын кызматкери тууралуу пикирин билдирди
УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев УКМКнын Ош шаарын жана Ош облусу боюнча бөлүмүнүн тергөөчүсү пара менен кармалганы боюнча пикирин билдирди. Бул тууралуу ал облустардагы мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү бийликтин жетекчилери менен болгон жолугушууда айтты.
Ал белгилегендей, УКМКнын кызматкерин кармоо боюнча атайын операция Башкы прокуратура, ИИМ жана УКМК менен биргеликте пландалып, даярдалган жана ишке ашырылган.
«Бул маалымат мага келген. Жараныбыздын арызы менин колума түшүп, анда УКМКнын тергөөчүлөрүнүн бири андан ири суммадагы акча талап кылып жатканы айтылган. Реакция жасоо үчүн биз арызды Башкы прокуратурага өткөрүп бердик. Башкы прокуратура жана ИИМ менен кеңешме өткөрүп, андан кийин гана паракор кармалды», — деди Камчыбек Ташиев.
Ошондой эле, ал айрым аткаминерлер жана ММКлар бул окуя боюнча жалган маалыматтарды таратып жатканын белгиледи. Бул үчүн алар жоопкерчилик тартышы керектигин да кошумчалады.
«Бизде министрлерден турган бир топ мамкызматкерлер күч органдарында тирешүү болуп жатканын айтышыптыр. Тирешүү жок жана эч убакта болбойт, муну эсиңерге алып койгула. Бардык операция президенттин дыкат көзөмөлү алдында болот. Бардык мамкызматтар президенттин жана мамлекеттик органдардын чечимин билип, колдошу шарт. Мамлекеттик кызматтардын баары жана кызматкерлер маалыматты таркатуу боюнча көзөмөлдө турушат, абайлагыла», — деди Камчыбек Ташиев.
Аны менен катар мамкызматкерлерди журналисттерге такталбаган маалыматтарды берип, коомчулукту дүрбөлөңгө салуудан алыс болууга чакырды.



