Улан Ниязбеков Тажикстанда КМШ өлкөлөрүнүн ички иштер министрлеринин Кеңешинин отурумуна катышты

2026-жылдын 1-октябрында Кыргыз Республикасынын ички иштер министри, милициянын генерал-полковниги Улан Ниязбеков Тажикстан Республикасынын Душанбе шаарында өткөн КМШга мүчө мамлекеттердин ички иштер министрлеринин Кеңешинин отурумуна катышты. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Отурумда эл аралык полициялык кызматташтыкты өнүктүрүү, баңгизат кылмыштуулугуна жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү, кылмыштарды ачууда заманбап технологияларды колдонуу маселелери талкууланды. Ошондой эле заманбап технологияларды колдонуу менен баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөштүн натыйжалуулугун жогорулатууга өзгөчө көңүл бурулду.
Өз сөзүндө министр Улан Ниязбеков Кыргыз Республикасында уюшкан кылмыштуулукка каршы жүргүзүлүп жаткан иштерге токтолуп, трансулуттук уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөштө мамлекеттер аралык кызматташтыкты күчөтүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.
Ал маалыматтарды ыкчам алмашуу, чек ара аралык кылмыштуу байланыштарды биргелешип аныктоо жана кылмыштуу ишмердүүлүктү координациялаган адамдарды аныктоо боюнча кызматташтыкты өнүктүрүүнү сунуштады.
Ошондой эле министр 2027-жылдын сентябрь айында Кыргыз Республикасында мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү боюнча эл аралык илимий-практикалык конференция өткөрүү мерчемделип жатканын билдирип, КМШ өлкөлөрүнүн ички иштер министрликтеринин өкүлдөрүн аталган иш-чарага катышууга чакырды.
Отурумдун жүрүшүндө Улан Ниязбеков кесиптештерин КМШга мүчө мамлекеттердин ички иштер министрлеринин Кеңешинин 30 жылдыгы менен куттуктап, мындан ары да өз ара кызматташтыкты бекемдөөгө даяр экенин белгиледи.
Отурумдун жыйынтыгында 2029–2033-жылдарга кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча биргелешкен чаралардын мамлекеттер аралык программасынын долбоорун даярдоо, ошондой эле укук коргоо ишмердигинин ар түрдүү багыттары боюнча эл аралык келишимдердин үстүнөн иш алып баруу маселелери каралды.



