Окуялар

Тажикстан келишимдерди бузду. Ташиев, Бөрүбаев жана Мырзаевдер Чоң-Алайга жөнөп кетти

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы, генерал-лейтенант Камчыбек Ташиев, министрлер кабинетинин чек ара маселеси боюнча атайын өкүлү Назирбек Бөрүбаев жана Жер ресурсу боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Абдулат Мырзаев Ош облусунун Чоң-Алай районуна жөнөп кетишти.

Эскерте кетсек, тажик тарап делимитация жана демаркация маселеси боюна өкмөттөр аралык делегациянын мурда жетишилген келишимдерин бузуу менен 4-июнда түнкү саат 03:00дор чамасында КРнын аймагына 1000 метрге чейин кирүү менен Ош облусунун Чоң-Алай райнундагы Унжу-Булак жергесинде чек аранын такталбаган тилкесине контейнер орното баштаган. Муну менен катар тажик тараптан автоунааларда жана жеңил брондолгон унааларда аскер кызматкерлеринин топтолушу байкалууда.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button