Коом
Доллар кайрадан кымбаттады, алтын арзандады, күйүүчү майдын баасы кандай?
Өткөн суткада Бишкекте доллар кымбаттап, евро, тескерисинче, баасын түшүрдү. Ири май куюучу жайларда бензиндин баасы өзгөргөн жок.
Бейшемби күнкүгө салыштырмалуу бүгүн акча алмаштыруу жайларында доллар сатып алуу 17 тыйынга (84,46 сом), сатуу 11 тыйынга (84,84 сом) кымбаттады. Айта кетсек, айрым банктарда АКШ акчасынын курсу кайрадан 84,9 сомго жетти.
Евро арзандап жатат. Сатып алуу 42 тыйынга (101,89 сом), сатуу 45 тыйынга (103,31 сом) түштү.
Күйүүчү майдын баасы мурдагыдай эле:
«Роснефть»:
- АИ-92 — 49,7 сом;
- АИ-95 — 51,7 сом;
- Дизель майы — 45,9 сом.
«Газпром нефть Азия»:
- АИ-92 — 50,5 сом;
- АИ-95 — 52,5 сом;
- Дизель майы — 46,5 сом.
Ал эми алтындын баасы түшүп, бир граммы 86,5 сомго арзаныраак сатыла баштады.



