Коом

“Үмүт булагы” фонду Бишкек шаарынын тургундарын бекер ташуу үчүн 20 автобус берди. ФОТО

Бишкекте маршрут айдоочулары иш таштагандыгына байланыштуу, борбор калаада шаардыктарды бекер ташыган автобустар ишин улантууда, ошондой эле борбордун муниципалдык коомдук транспорту дагы күчөтүлгөн режимде иштеп жатат.

“Үмүт булагы” фонду Бишкек мэриясы менен биргеликте борбордогу коомдук транспорт катары 20 автобусту ишке киргизди.

Азыркы тапта Бишкектеги коомдук маршруттук таксилер бүгүн үчүнчү күнү иш таштоону улантып,  ишке чыкпай жатат.

Үч күндөн бери шаардыктар жеке унаасы менен бекер эле аялдамада тургандарды ташып жатышат. Андан тышкары башка да уюмдар автобустарын беришип, алар да элди бекер ташууда.

Ал эми “Үмүт булагы” фонду эртең да автобустардын санын көбөйтүп берүүнү пландап жатат.

Бишкек мэриясы көргөзүлүп жаткан колдоо үчүн терең ыраазычылык билдирет.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button