Ташиев: тажик тарап менен макулдаштык, Чоң-Алайдагы аскерлер артка кетет. Видео

Жолугушуу кыргыз-тажик чек арасында өткөн. Ташиев келишимде эмне жазылгандыгы боюнча кийинчерээк расмий маалымат бериле тургандыгын айтты.
Чоң-Алайдагы кыргыз-тажик чек арасында турган аскерлерин артка тартуу боюнча макулдашылды. Бул тууралуу УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев журналисттерге сүйлөшүүнүн жыйынтыгын айтып жатып билдирди.
Анын айтымында, Тажикстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Саймумин Ятимов менен бүгүн да жолугуп, эки тараптуу келишимге кол коюлган.
Жетекчилердин жолугушуусу кыргыз-тажик чек арасында өткөн. Ташиев келишимде эмне жазылгандыгы боюнча кийинчерээк расмий маалымат бериле тургандыгын билдирди.
«Ятимов менен бирге сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп келдик. Кечээ күнкү жолугушуу майнапсыз болгон. Ошонун негизинде биз элди көчүрүүгө мажбур болгонбуз. Бирок бүгүн, 5-июнь күнү, кайрадан жолугушуп, протокол кабыл алдык. Анын жыйынтыгын эки сааттан кийин коомчулукка жарыялайбыз. Ал жерде 7-8 пунктудан турган келишим бар. Ага ылайык, Чоң-Алайга тартылган куралдуу күчтөрдүн баарын азыр артка кайтарууга буйрук берем», — деди Ташиев.
Ошондой эле ал Унжу-Булакта чек арачылардан башка бир дагы аскер күчү калтырылбай турганын айтты.



