Коом

“Манас” аэропортунан ПЦР-тест тапшыруучу жүргүнчүлөр учуудан 4-5 саат мурда келүүлөрү зарыл

“Манас” эл аралык аэропорту” эгер чет өлкөгө учуучу жүргүнчүлөр “Манас” аэропортунан ПЦР-тест тапшыра турган болсо, анда учуудан 4-5 саат мурда келүүлөрү зарыл экендигин эскертет.

Маалыматка ылайык, ПЦР-тестти “Манас” аэропортунун 2 кабатынан күндүзгү саат 8:00дөн 18:00гө чейин тапшырууга мүмкүн.

Эске салсак, Кыргызстандын негизги аба дарбазасынан 2021-жылдын 31-майынан тартып COVID-19ду тез аныктоочу АMSBIO компаниясынын жаңы ПЦР лабораториясы ишке кирген.

AMSBIO лабораториясынын артыкчылыктары:

  • Буга чейин КМШ өлкөлөрүндө жана Кыргызстанда жок заманбап жабдуулар жана реагент колдонулгандыктан, 100 % так жыйынтык берет.
  • Заманбап жабдуулардын аркасында ПЦР-тест ыкчам режимде аныкталат: 1,5-2 саат үчүн (3499 сом) 4-5 саат үчүн (2399 сом).
  • ПЦР-тестти «Манас» аэропортунан чет өлкөгө учуу алдында тапшыруу мүмкүндүгү. (Россия Федерациясынан башка өкөлөргө, анткени компания азырынча « COVID-19суз саякаттайм» тиркемесинин мүчөлүгүнө кире элек).
  • ПЦР-тесттин жыйынтыгы чет өлкөлөргө чыгуу үчүн жарактуу, анткени AMSBIO компаниясы КРдин Саламаттыкты сактоо министрлигинин аккредитациясынан өткөн.
  • ПЦР-тесттин жыйынтыгын amsbiolab.kg сайтынан же «Манас» аэровокзалынын 1 кабатынан 3 тилде чыгарылган ырастама иретинде алууга мүмкүн.
  • Корей AMSBIO компаниясы Кыргызстанда лаборатория түйүндөрүн жайылтууну көздөөдө. Бул компаниянын ПЦР лабораториялык изилдөөлөрү акыркы муундун заманбап жабдууларын колдонуу жана импорттук реагенттердин жардамы менен өткөрүлгөндүктөн, COVID-19дун бардык түрлөрүн аныктайт. АКШ, Корея, БАЭ жана башка өнүккөн өлкөлөрдө колдонулуп келет.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button