Коом

ВИДЕО: 2020-жылы Кара-Сууда жашаган аялга кол көтөргөн айыл башчысы жазасыз калдыбы?

Учурда УКМК, ИИМ өткөн жылдары мыйзамсыз жабылып калган кылмыш иштерди кайрадан карап, иликтеп козгоп жатат. 

Өткөн 2020-жылы эл карантинде камалып, кыйналып жатканда Ош облусунун Кара-Суу районунун Төлөйкөн айыл өкмөт башчысы болуп иштеген Алмаз Абдукаримовдон жабыркаган эл АкиПРЕСС маалымат борборуна келип арыз-арманын айтып, тиешелүү органдарга кайрылуу жасаган экен.

Анда Ош облусунун Кара-Суу районунун Төлөйкөн айылында айыл өкмөт башчысы болуп турган Алмаз Абдукаримов бир топ жерлерди сатып жибергени айтылат. Ал кезде айыл өкмөтүнөн жер сатып алып, үй куруп жаткан жерге келген Алмаз Абдукаримов аялды катуу сабаган экен. Аял эс учун жоготуп, милиция чакырышса Ош шаардык милициясы келип, кайра ошол аймакка тиешелүү делген Кара-Суу РИИБнин тартип сакчыларын чакырышыптыр. Бирок, ошол кездеги Кара-Суу РИИБнин жетекчилиги бул кылмыш ишти иликтебей, теңирден тескери жасаганы айтылат видеодо. Андан бери бир жыл өттү. Баягы аялга кол көтөргөн өкмөт башчы билгениңерди кылгыла, дегендей мамиле кылып, акчасына, тааныш билиштерине таянып суудан кургак чыкканын айтышууда айыл эли.

Чындыгында буга чейин алсыз, карапайым адамдардын укугу дайыма корголбой, колунда бийлиги, акчасы барлар баардык жерде өзүм билемчилик менен жашап келген. Азыр заман өзгөрдү, укук коргоо органдары, УКМК, ИИМ ушул ишти кайрадан көзөмөлгө алып, иликтеп, күнөөлүүлөр өз жазасын алышсын. Антпесе, «айыл өкмөт башчысымын, акчам көп, каалаганымды жасайм» деген ээнбаш айрым майда чиновниктер аялга да кол көтөрүп калган эле деп айтылат маалыматта.

Азыр илгерки жабылып калган иштердин кайрадан иликтеп жаткан УКМК жана ИИМге да арыз жазабыз, ушул ишти да кайрадан карайт деп ишенебиз дейт айыл жашоочулары.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button