Токтоп турган машинаны айдап качкан жаран кармалды

Кызыл-Кыя шаарынын 28 жаштагы М.Н.аттуу тургуну 2021-жылдын 12-июнь күнү болжол менен саат 20.00 чамасында “Деу Матис” үлгүсүндөгү автоунаасын Кызыл-Кыя шаарындагы “Эки Дос” аталышындагы ашкананын жанына токтотуп койгон жеринен белгисиз атуул айдап качып кеткендигин билдирип арыз менен кайрылган.
Бул арыз Кызыл-Кыя ШИИБнин КЖБРне Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 206-беренеси (Автотранспорт каражаттарын айдай качуу) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.
Кылмыштын изи сууй электе ошол эле түнү Кызыл-Кыя ШИИБнин милициянын участкалык уполномоченныйлары Кадамжай районунун аймагынан Кадамжай районунун Үч-Коргон айылынын тургуну 39жаштагы Н.Х. аттуу жаранын аныктап кармап келишкен.
Азыркы күндө уурдалган унаа өз ээсине кайтарылып берилип, учурда тергөө иштери жүрүп жатат.
Баткен ОИИБнын Басма сөз кызматы



