Саясат

Жапаров Россия президентинин администрация жетекчисинин орун басары Козакты кабыл алды

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров Россия Федерациясынын президентинин администрациясынын жетекчисинин орун басары Дмитрий Козакты кабыл алды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.

Кыргыз-россия эки тараптуу кызматташтыгынын учурдагы абалы жана келечектүү багыттары, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун ушул жылдын 24-майында Сочи шаарында Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин менен болгон жолугушуусунун жыйынтыгында жетишилген келишимдерди ишке ашыруу боюнча пикир алмашуу болду.

Жолугушууда тараптардын коронавирус инфекциясынын жайылышына каршы күрөшүү боюнча көрүп жаткан чараларды, анын ичинде өлкөгө Россия вакцинасын жеткирүү маселеси да талкууланды.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button