Коом

Минкаб «ЭлКатты» эл аралык интернет-трафиктин жалгыз оператору кылып дайындады

Министрлер кабинети 2026-жылдын 19-ноябрында эл аралык интернет-трафикти жеткирүү, транзиттөө жана берүү боюнча телекоммуникациялардын жалгыз операторун аныктаган №765 токтомду кабыл алды. Документке Минкабдын төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.

Токтомго ылайык, байланыш операторлоруна эл аралык каналдарды ижаралоо келишимдерин 60 күндүн ичинде «ЭлКатка» өткөрүп берүү жана эл аралык интернет-трафикти анын инфраструктурасы аркылуу гана алуу сунушталды. Ал эми тармактык жөнгө салуучу орган компания менен биргеликте бардык операторлор үчүн бирдей шарттарды камсыз кылган ачык тарифтик саясатты бекитиши керек.

«ЭлКатка» түшкөн каражат маалыматтарды иштетүүчү улуттук борборлорду модернизациялоого, чек арада була-оптикалык чубалгыларды курууга жана эл аралык транзиттик потенциалды кеңейтүүгө жумшалат.

Документ расмий жарыялангандан 7 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. Аталган компаниянын жетекчиси Нурадил Баясов, ал эми негиздөөчүсү Президенттин иш башкармалыгы.

Тектеш кабарлар

Back to top button