Коом
Кыргызстандын аэропортторунда чектөөлөр күчөтүлдү

«Манас, «Ош» жана «Ысык-Көл» аэропортторунун ичинде узатып, тосуп алгандарга кирүүгө убактылуу тыюу салынат. Бул тууралуу «Манас» эл аралык аэропортунун маалымат кызматы кабарлады.
Мындай чечим эпидемиологиялык абал курчуп бара жатканына байланыштуу кабыл алынды. Эреже 24-июндан тарта иштей баштайт. Жүргүнчүлөрдү аэровокзал комплекстерине киргизүү авиабилет менен жүргүзүлөт.
Чектөөлөр өлкөдө эпидемиологиялык абал жакшырганга чейин улантылат.



